Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:55
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткенде чөп өсүп чыккан стадиондун асфальт төшөө иши боюнча териштирүү башталды

05.05.2022 14:01
1412
Баткенде чөп өсүп чыккан стадиондун асфальт төшөө иши боюнча териштирүү башталды

Баткендеги асфальт төшөө иштерине байланыштуу жагдай көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Баткен шаарынын борбордук стадионуна асфальт төшөө иштеринин сапаты боюнча бир катар маалымат агенттиктеринде жана социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөргө таянып, КР УКМК төмөнкүлөрдү билдирет


Борбордук стадионду реконструкциялоонун алкагында подрядчик тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок бул иштер технологиялык процесстин талаптарын бузуу менен аткарылган.


УКМК бул абалды көзөмөлгө алып, асфальт төшөө иштерин тийиштүү текшерүү жүргүзүүдө.


"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка кошумча маалымат берет",- деп айтылат маалыматта.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн