Бугу 10, 2024
Убакыт: 07:04
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Баткенде дагы бир санитардык карантиндик пост коюлду

30.06.2020 15:20
1418
Баткенде дагы бир санитардык карантиндик пост коюлду


Баткен облусунда дагы бир санитардык карантиндик пост коюлду. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

 

Маалыматка ылайык, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө жана аткезчиликке бөгөт коюу максатында Лейлек районунун кире беришине санитардык карантиндик пост коюлуп, көзөмөл күчөтүлдү.


Учурда облуста 2 негизги санитардык карантиндик пост, чек аралаш аймактарда 5 көзөмөл посттор иштеп жатат. Ал эми кошуна мамлекеттер менен чек арада жайгашкан авто жол көзөмөлдөп өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн