Бугу 15, 2024
Убакыт: 00:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенде дары-дармектердин контрабандасы аныкталды

25.03.2022 17:58
523
Баткенде дары-дармектердин контрабандасы аныкталды

Баткен бажысынын кызматкерлери тарабынан жалпы суммасы дээрлик 2,5 млн сомду түзгөн дары-дармек каражаттарынын жана мейиздин контрабандасына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Баткен районунун Чоң-Талаа айылынын жанында “А. у. М аттуу КР жаранынын башкаруусунда Mercedes-Benz Sprinter 408 үлгүсүндө унаа токтотулган.


Унааны кароодо жүк бөлүгүндө жалпы салмагы 265 кг мейиз, ошондой эле дары-дармек каражаттары болгон.


Алар:


- Линкомицина гидрохлорид 300мг/1мл - жалпы салмагы 75 кг, 20 миң ампула санда ийне саюу үчүн эритмелер;


- суюк алоэ экстракты 1 мл. – салмагы 112 кг, 28 миң ампула;


- Кокарбоксилаза 50мг. – салмагы 140 кг 5500 ампула;


- Глюкоза 40% 10мл. - салмагы 140 кг 6500 ампула;


- Лидаза 1280 МЕ- салмагы 36 кг 8 миң ампула;


- Милдронат мельдоний 100мг/мл – салмагы 7,49кг 2980 ампула;


- Ксефокам/Лорноксикам 8мг/2мл – салмагы 115 кг 20 миң ампула;


- Гентамицин 80 мг/2мл, - салмагы 115 кг 20 миң ампула.


Жүктүн жалпы салмагы 804,5 килограммды, орточо базар наркы 2 млн 447 миң 936 сомду түзөт.


Жүк ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен чектеш мамлекеттен ташылып келинген. Факт КБР АМС МЭЖге катталган, материалдар Баткен облусунун ведомстволугуна караштуулугу боюнча берилген.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн