Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 09:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.930

Баткенде дарыгерлер үчүн 500 комплект коргонуучу каражаттар алынып келинди

23.03.2020 14:59
667
Баткенде дарыгерлер үчүн 500 комплект коргонуучу каражаттар алынып келинди


Баткенде дарыгерлер үчүн 500 комплект коргонуучу каражаттар алынып келинди. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. 


Маалыматка ылайык, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Баткен облусуна 500 даана атайын коргонуучу каражаттар алынып келинди. Комплекттин ичинде беткап, көз айнек жана костьюм бар. Бул комплект формалар облустагы саламаттыкты сактоо кызматкерлерине жана санитардык карантиндик көзөмөл постторундагы кызматкерлерге берилет.


Мындай кийим кечелер муктаждыкка жараша дагы алынат. Учурда бул сыяктуу коргонуучу кийимдер жергиликтүү тигүү цехтеринде да даярдалууда.


Ошондой эле маалыматта буга чейин Фергана облусунан 2600даана таңгакталган медициналык марли жана 1тонна 400кг дезинфекциялоочу каражаттар алынып келингени да айтылат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн