Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 19:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткенде дарыгерлер үчүн жаратылыш койнунда обсервация даярдалды

23.07.2020 18:02
1153
Баткенде дарыгерлер үчүн жаратылыш койнунда обсервация даярдалды


Баткен облусунда дарыгерлер үчүн жаратылышта обсервациялык орундар даярдалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Малыматка караганда, оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, коронавирус илдети менен ооруган бейтаптарды 14 күн бою дарылап чыккан дарыгерлер үчүн таза аба, кооз жаратылышта жайгашкан обьекттерге, обсервация орундары даярдалдган.

Бүгүн, 23-июлда ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдурахманов Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы, Алтын-Бешик балдар лагеринин базасында, уюштурулган обсервация менен таанышты.

Билдирүүгө таянсак, учурда бул жайда кооптуу зонада эмгектенген дарыгерлер жайгаштырылган. Ыйгарым укуктуу өкүл дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, ар бирине резервдик фондунан 5000 сомдон акчалай сыйлык тапшырган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн