Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Баткенде дезинфекциялоо иштери күчөтүлдү

21.03.2020 17:22
697
Баткенде дезинфекциялоо иштери күчөтүлдү


Баткенде өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарды дезинфекциялоо иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укукту өкүлдөрү билдирди.


Маалыматка ылайык, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун кызматкерлери дезинфекция иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүдө.


Учурда 230 мечит, 5 медреседе, 13 мектеп, 7 орто жана жогорку окуу жай, 17 мектепке чейинки мекеме, 81 коомдук тамактануу жай, 33 саламаттык сактоо мекеме, 8 аскердик бөлүк, 5 Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмүндө, 4 базар дезинфекцияланды.


Мындан сырткары, Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарындагы турак үйлөрү да дезинфекцияланган.


Маалыматка караганда Баткен облусунда 54 адам карантинге алынган, 49зу умрадан келгендер. Алардын ичинен 21 жаран изоляторго жайгаштырылган.



Ошондой эле, Облустун аймагындагы саламаттык сактоо мекемелеринде 343 изолятор, 456 обсерватор даярдалган.
Коӊшу мамлекеттер менен чек аралаш аймактарына блок посттор коюлууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн