Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде эгемендүүлүк күнүнө карата милициянын саптык кароосу өттү

29.08.2022 12:11
727
Баткенде эгемендүүлүк күнүнө карата милициянын саптык кароосу өттү


Бүгүн, 29-август күнү Баткен облусунун аймагында ИИОнун кызматкерлеринин саптык кароосу болуп өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, саптык кароо жер-жерлердеги район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө өздүк курамдын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына арналган майрамдарга карата даярдыктарын текшерүү, майрамдык иш-чараларда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында уюштурулду.


Ар бир кызматкердин жазгы кийимдери, алып жүргөн күбөлүктөрү бир катар текшерүүдөн өтүп, өздүк курамга Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйруктары жеткирилди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн