Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 384 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында - 42
- Ош шаарында - 67
- Чүй облусунда – 27
- Ош облусунда - 52
- Талас облусунда - 6
- Ысык-Көл облусунда – 15
- Жалал-Абад облусунда – 57
- Баткен облусунда - 118
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 52910 адам коронавируска кабылды.
Ал эми бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 276 адамды түздү. Жалпы өлкө боюнча сакайып чыккандардын саны 46 139 адам болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн