Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 06:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенде эрте никеге туруунун кесепеттери эскертилди

07.02.2023 14:37
687
Баткенде эрте никеге туруунун кесепеттери эскертилди

Баткен шаарында окуучуларга эрте никеге туруунун кесепеттери жөнүндө маалыматтар берилди. Бул тууралуу  Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


Баткен ШИИБдин милициянын балдар менен иштөө инспекциясы тарабынан Баткен шаарындагы орто мектептердин биринин жогорку класстарынын окуучулары менен жолугушуу өткөрүлдү. 


Жолугушууга вице-мэр Мансурбек Маматисаев, Баткен райондук прокурорунун жардамчысы Бактыяр Көлбаев, шаардын башкы имам хатиби, шаардык ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспектору Абдыгапар Садиров, социалдык кызматкерлер, билим берүү бөлүмүнүн адистери катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга коомдо орун алып жаткан көйгөйлөр боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле, эрте никеге туруунун кесепеттери жөнүндө кенен түшүндүрмө берилип, ар бир кадам ойлонулуп, жоопкерчилик менен жасалышы керектиги айтылды. Аны менен катар спирт ичимдиктеринин зыяндуулугу, укук бузууларды жана кылмыштуулукту болтурбоо, билим алуунун зарылдыгы боюнча кеңештер берилди. Андан соң, убакытты туура пайдалануунун пайдасы туурасында айтылып, жолугушуу суроо-жооп иретинде өткөрүлдү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн