Бугу 09, 2024
Убакыт: 14:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Баткенде эвакуацияланган тургундардын дээрлик баары үйүнө кайтты

13.04.2022 17:48
691
Баткенде эвакуацияланган тургундардын дээрлик баары үйүнө кайтты

Баткен обулсунда кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам эвакуацияланган 17 миңден ашык жаран үйлөрүнө кайтып келишти.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Лейлек жана Баткен райондорунда абал турукташып, ӨКМ тарабынан убактылуу жайга жайгаштырылган 708 адам туруктуу жашаган ордуларына жеткирилди.


Ал эми өз алдынча туугандарыныкына жайгашкан 17 миң 799 жаран өз алдынча үйлөрүнө келишти.


Жарандарды ташуу үчүн ӨКМдин 80ге жакын куткаруучусу, 3 миң 500 литр күйүүчү май, 200 комплект төшөк жана райондук Жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 40ка жакын спринтер, жеңил унаалар тартылды.


КР УКМКнын Чек ара кызматынын берген акыркы маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Түн тынч өттү, атышуулар катталган жок.


Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө созулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.


Чек ара кызматынын акыркы маалыматына таянсак, Кыргызстан менен Тажикстан күч жана каражаттарын алып кете баштады.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн