Бугу 10, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткенде изоляциядан эч ким чыга элек

26.03.2020 12:48
739
Баткенде изоляциядан эч ким чыга элек


Баткен облусунда эч ким изоляциядан чыга элек. Элди такталбаган жалган маалыматка ишенбөөгө Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү чакырат. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, изоляциядан эч ким чыгарыла элек. Аймакта өзгөчө кырдаал режими сакталып, санитардык карантиндик посттор күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.


“Азыркы учурда социалдык тармактарда Баткен облусунда коронавирус жок, изоляциядагы жарандардын анализи таза чыкты, алар үйлөрүнө жиберилди, аймакта карантин аяктады деген деген маалыматтар туура эмес”, - деп айтылат маалыматта.


Эске салсак, Баткен облусунда коронавирус оорусуна чалдыккан бир учур аныкталган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн