Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 03:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткенде канча жасалма дем алдыруучу аппарат иштейт?

09.07.2020 14:00
1005
Баткенде канча жасалма дем алдыруучу аппарат иштейт?


Баткен облусунда учурда облуста жасалма дем алдыруучу 42 аппарат иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов 9-июндагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, ал эми кычкылтек концентраттарынан 134 аппарат бар.


"Коронавирус оорусу күчөгөндөн бери коомдук уюмдар, демөөрчүлөр тарабынан дагы 2 жасалма дем алдыруучу аппарат, 4 кычкылтек концентратору ооруканаларга тапшырылды. Биз учурда 3 айга жете турган камды камдоо боюнча билдирүүлөрдү бердик, сатып алуулар жүрүп жатат”, - деди Жаркынбек Максутов. 


Анын айтымында, коргонуучу каражаттар боюнча учурда 110 миң беткап, 7574 бир жолку колдонуучу комбинизон, 2896 көп жолу колдонуучу комбинизон, 8025 респиратор бар. Мындан сырткары, бахила, көз айнек, кол кап, антисептик, дезинфекциялык каражаттар жетиштүү.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн