Бүгүн, 1-майда Нарын шаарында кыргыз-тажик чек арасында курман болгондордун бири Эсентура Кубанычбек уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Бул тууралуу Kaktus.mediaга анын жакындары кабарлашты.
Эсентур 29 жашта болчу. Ал Нарын шаарындын Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында 1991-жылы туулган. Д.Асанов атындагы лицейди аяктаган, андан кийин Россияда окуусун уланткан. Эсентур Кубанычбек уулу Нарын облусундагы заставада орун басар болгон, ал 10 күн мурун Баткенге кеткен. Үй-бүлөдө алар үчөө болгон, жигиттин иниси жана карындашы бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн