Бугу 02, 2024
Убакыт: 23:37
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Баткенде кылмышка шектүүлөр милиционерге кол көтөрүп, дагы биринин формасын жыртып салган

03.07.2020 16:49
1446
Баткенде кылмышка шектүүлөр милиционерге кол көтөрүп, дагы биринин формасын жыртып салган

 

Кыйноолордун алдын алуу борборунун Кадамжай районунда кылмышка шектелген адамдарды бир нече милиция кызматкери сабады деген маалыматы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Баткен облуснун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 26-июнь күнү Халмион айылындагы “Баяман баатыр” базарындагы кафелердин биринде 55 жаштагы М.Д. аттуу тургуну өзүнүн 55 жаштагы шериги С.Т. менен чогуу спирт ичимдиктерин ичип олтурушуп, тартипти бузган. Окуя болгон жерге барган 2 милиция кызматкерин шектүүлөр оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүшкөн. Мындан улам алар менен түшүндүрү ишин жүргүзүү үчүн №27 таяныч пунктуна жеткиришкен.


“Милиция бөлүмүндө экөө тартип сакчыларынын бирөөсүнө кол көтөрүп, экинчи кызматкердин формаларын айрып салышкан. Имараттын айнектерин, стулдарды тээп сындырып салышкан”, - деп айтылат маалыматта.


Аталган факты 266-берене (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Ал эми жаракат алган милиция кызматкерлерине соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, азыркы күндө жабыркаган кызматкер Кадамжай аймактык ооруканасында дарыланып жатканы айтылат.


Маалыматка таянсак, кылмышка шектүү М.Д. менен С.Т. убактылуу кармооч жайына киргизилип, 28-июнда Кадамжай райондук соту тарабынан 2 айлык мөөнөткө камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн