Бугу 10, 2024
Убакыт: 14:25
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткенде коңшу өлкөдөн чыгып жалданып иштегендерге тыюу салынды

31.03.2020 10:45
851
Баткенде коңшу өлкөдөн чыгып жалданып иштегендерге тыюу салынды


 

Өзгөчө кырдаал тартибине ылайык Баткен облусунун аймагында акчага жалданып иштөөгө тыюу салынат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирет.


Анда айтылгандай, облус жетекчиси Алишер Абдрахманов Баткен облусунун аймагында талаачылыкта, курулушта акчага жалданып иштөөгө бөгөт коюу боюнча мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгы баш болгон тийиштүү жетекчилерге тапшырма берген.


“Азыркы кырдаалда кошуна мамлекеттердин чек аралаш аймактарынын тургундары, чек арадан жашырынып чыгып, Баткен облусунун аймагында элдин талаа жана курулуш иштеринде иштеген жарандарга жана аларды иштеткен жарандарга мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Бул аракет Баткен облусунда коронавирус оорусунун жайылып кетпөөсүн алдын алуу максатын көздөйт”, -  деп айтылат аталган маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн