Баткен облусунда коронавируска каршы күрөшүү боюнча бардык чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-мартта, бир күн ичинде Баткен облусуна кирген 146 жаран обсервацияга алынган. Мындай кадамдар Баткен облусуна чектеш жайгашкан Ош облусунда жана Өзбекстанда коронавирус илдетинин жаңы учурлары өсүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынган жана облуста коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.
Ошондой эле, өзгөчө абал кирген Бишкек, Ош шаарларында эмгектенип жүргөн Баткен облусунун тургундары кичи мекенине кайтып жатканына байланыштуу санитардык карантиндик көзөмөл посттордун ишин күчөтүлгөн тартипте алып барып жатканын билдирди.
Маалыматка таянсак, облуска кирген ар бир адамды дыкат текшерүүгө алуу жана обсервацияга жайгаштыруу, тез арада район шаарларда обсервацияга орундарды көбөйтүү тапшырмасын коюлган.
Мындан сырткары карантиндин талаптарына баш ийбей, негизсиз көчөдө жүргөн жарандарга катуу чараларды көрүү тапшырылганы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн