Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенде коронавирус катталганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

06.02.2020 17:52
783
Баткенде коронавирус катталганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт


Кыргызстанда, анын ичинде Баткен облусунда коронавирус менен ооругандар катталган жок. Бул тууралуу ѳкмѳттѳ ѳткѳрүлгѳн кезектеги жыйында маалым болду.  Маалыматка ылайык, ѳлкѳдѳ эпидемиологиялык  абал туруктуу жана тиешелүү чаралар кѳрүлүп жатат.


Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү социалдык тармактарда жайылтылган Баткен облустук ооруканасына коронавируска чалдыкты деп шектелген эки жаран келип түшкөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришти. Бет каптар, жеке коргоочу каражаттар, респираторлор жетиштүү деңгээлде.


Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири термометр жана жогорку дем алуу жолдорунун үлгүлөрүн аныктоо лабораториясынан өткѳрүлүп жатат.


Аныктоо үчүн өлкөдө бардык зарыл шарттар бар. Лабораториялар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аккредитациясынан өткөн, адистер окутулган.


Мындан тышкары жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пунктары ачылган. Алар «Торугарт» өткөрүү пункттунда – 100 орун, «Иркештам» - 100 орун, «Манас» эл аралык аэропортунда – 50, Ош шаарындагы аэропортто – 30 керебет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн