Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:09
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Баткенде коронавирусту ыкчам аныктаган көчмө лаборатория иштөөдө

30.05.2020 13:58
1063
Баткенде коронавирусту ыкчам аныктаган көчмө лаборатория иштөөдө


Баткен облусунда коронавирус илдетин ыкчам аныктоо максатында 18-майдан тартып көчмө лаборатория иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова билдирди.


Анын айтымында, лаборатория күнүнө 150гө жакын ПЧР-анализ алууда. 12 күн аралыгында лабораториядан 1000ден ашык анализ чыгарылды.


Чынар Саттарованын маалыматы боюнча, Баткен шаарындагы калкты тейлөө борбору күнүнө 400гө жакын адамды тейлөөдө. Ал жерде бардык санитардык талаптар сакталган. Келген жарандар электрондук кезекке турушат. Жарандар үчүн керектүү болгон бардык электрондук кызмат көрсөтүү шарттары түзүлгөн.


Мындан сырткары, дагы башка калкты тейлөө мекемелеринде санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгерлери тарабынан кызматкерлерге эпидемиологиялык кырдаалда иштөө тартиби боюнча семинарлар өтүп жатат”, - деди өкмөт өкүлү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн