Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-май күнү саат 16:26лар чамасында Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Кадамжай районунун Жаны-Коргон айылында жана Айдаркен шаарында, Баткен районунун Сары-Талаа айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн