Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 02:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткенде күндүзгү стационар үчүн 1000ден ашуун орун даярдалууда

07.07.2020 17:15
1464
Баткенде күндүзгү стационар үчүн 1000ден ашуун орун даярдалууда

Баткен облусунда күндүзгү стационар үчүн 1000ден ашуун орун даярдалууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 


Маалыматка караганда, Баткен облусунун ар бир район, шаарында 200дөн орун болот. Учурда Кызыл-Кыя шаары жана  Лейлек райондорунда орундуктар даяр болду. 


Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановдун  тапшырмасына ылайык, эртен 8-июлга облустун бардык аймактарында 200дөн орундар толугу менен даяр болот.


Бул жайлар эгерде пневмания оорусу менен ооруган жарандарга ооруканаларда орундуктар жетпей калса, медициналык жардам көрсөтүү максатында пайдаланылат.  


Учурда облустун аймагында обсервация үчүн 1790 орун даярдалган. Ал эми  ооруканаларда изоляция үчүн 435 орунга мүмкүнчүлүктөр бар.  


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн