Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:02
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Баткенде мамлекетке 12 млн сом зыян келтирилген

15.11.2021 12:03
657
Баткенде мамлекетке 12 млн сом зыян келтирилген


Баткен областтык прокуратурасы тарабынан мамлекетке 12 млн. сомдон ашуун материалдык зыян келтирилген факты аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары өткөрүлгөн тендердин шартын бузуу менен, алдын ала сүйлөшүү аркылуу аткарылбаган жана бүтпөгөн курулуш иштерге жумуштар аткарылды деген негизде жеке жактарга 12 480 199 сом акча каражатын мыйзамсыз которушуп, мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкендиги такталды.


Алсак, Баткен шаарындагы курулушу бүтпөгөн Баткен областтык медиа борборунун административдик имараты үчүн - 11 414 987 сом, ошондой эле Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектептин окуу корпусу үчүн - 1 065 212 сом негизсиз которулган.


Топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн