Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 17:26
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Баткенде медкызматкерлерге компенсация мыйзамсыз берилген фактысы аныкталды

15.06.2021 16:55
908
Баткенде медкызматкерлерге компенсация мыйзамсыз берилген фактысы аныкталды


Баткен облустук прокуратурасы тарабынан COVID-19 илдетине каршы күрөшүү багытында акча каражаттарын коротууда мыйзам бузуулар аныкталды, деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.


Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Баткен облустук биргелешкен оорукананын аппаратынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 10-июлундагы буйругунун талаптарын одоно түрдө бузуу менен 545 480 сом ашыкча компенсация төлөнүп берилгендиги аныкталды.


Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокурордук акты келтирилип, анын негизинде 545 480 сом мамлекеттин эсебине кайтарылды.


Бул багытта эффективдүү прокурордук көзөмөл жүргүзүү уланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн