Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткенде мектеп директору бычактан алган жаракатынан каза болду

29.12.2021 12:30
756
Баткенде мектеп директору бычактан алган жаракатынан каза болду

Баткен районунун Бөжөй айылында денесинен жаракат алган 43 жаштагы Т.К. аттуу жаран ооруканада каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.


Окуя 25-декабрда саат 22.45тер чамасында катталган. Жаракат алган Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бөжөй айылынын тургуну Айдаркен шаардык ооруканасына кайрылган. Жерине барган милиция кызматкерлери ал курч миздүү зат менен ичинен, жонунан жараат алганын аныкташкан. Т.К. эртеси күнү ооруканада көз жумган.


Бул факты Баткен райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Денеге атайын оор залал келтирүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Анын алкагында милиция окуяга шектелген Бөжөй айылынын 24 жаштагы Ж.Б. аттуу тургунун кармаган. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн