Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде мигранттардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана кароосуз калган балдарды каттоо тапшырмасы берилди

07.09.2022 09:16
496
Баткенде мигранттардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана кароосуз калган балдарды каттоо тапшырмасы берилди

Баткенде балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу, өспүрүмдөрдү коргоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирет.


Жыйынга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, ,жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору жана билим берүү кызматкерлери катышты.


Жыйындын жүрүшүндө негизинен балдарды социалдык жактан коргоо маселелерин алдыга жылдыруу, балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кепилденген медициналык кызматтарга, билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, алардын коомго аралашуусу үчүн шарттарды түзүү, мигранттардын балдарынын, өспүрүм кыздардын абалы, ошондой эле балдардын укуктарын коргоо маселелери каралды.


Жыйынтыгында тиешелүү билим берүү мекемелеринин жетекчилери, ШИИБнүн инспекторлору, социалдык кызматкерлер, аймактык башкармалыктар менен биргеликте мигранттардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жана кароосуз калган балдарды каттоого алуу, жергиликтүү жамааттар менен иш алып баруу боюнча тапшырма берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн