Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде милиция кызматкерлери 1-сентябрга карата окуучулардын коопсуздугун камсыздоодо

01.09.2022 11:52
785
Баткенде милиция кызматкерлери 1-сентябрга карата окуучулардын коопсуздугун камсыздоодо



Баткен облусунун аймагында 1-сентябрь күнү бардык окуучулардын, студенттердин, алардын ата-энелеринин, мугалимдердин жана окутуучулардын майрамына карата милиция кызматкерлери мектептерге бөлүнүп, окуучулардын коопсуздугун сактоо максатында ар тараптуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери окуучуларга өз алдынча тоолорго экскурцияларды уюштурууга, кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынгандыгын эскертип, ата-энелердин көзөмөлүн күчөтүүнү талап кылууда.


Милиция кызматкерлери ата-энелерге балага көбүрөөк убакыт бөлүп, алардын такай көзөмөлдөөсү, сабактарын текшерип туруу жагы эскертүүдө. Балдарга карата зордук-зомбулуктарды жасаган ата-энелерге, жарандарга мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер бар экенин белгилеп кетти.

Мектеп окуучуларынын коопсуздугун балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери көзөмөлгө алып, жеринде күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.


 Мындан сырткары аталган аймактарда коомдук тартипти көзөмөлдөө, чагымчыл аракеттерге жол бербөө максатында ИИОнун кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн