Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде милиция кызматкерлери мектеп окуучуларына диний экстремизм тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү

14.10.2022 11:16
433
Баткенде милиция кызматкерлери мектеп окуучуларына диний экстремизм тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Милиция кызматкерлери окуучулардын ата-энелерине диний экстремизм менен терроризмдин кесепеттерин түшүндүрүшүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Кадамжай РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери, Марказ айылдык милиция бөлүмчөсүнүн балдар менен иштөө инспекторлору жана милициянын аймактык тескөөчүлөрү Кадамжай районунун Майдан айылындагы орто мектептерде окуучулардын ата-энелерин чогултуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 


 Жыйында экстремизм менен терроризмге каршы аракеттенүү, зордук-зомбулуктун алдын алуу, топтошуп мушташууларга жол бербөө, улуттар аралык достукту чыңдоо боюнча маалыматтар айтылып, мыйзамдарда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтир тууралуу маалыматтар айтылды. 


Кадамжай РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлеринин ушундай жыйындарды өткөрүүсүнүн максаты жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңындагы диний экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан коюлган жоопкерчиликтерди жеткирүү, улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо. Бул багыттарда милиция кызматкерлери туура маалыматтарды жеткирүү максатында жарандардын ар бир суроосуна жооп беришип, бул багыттарда аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтарды беришти.   


Эгерде, кимдир-бирөөлөр экстремисттик жана террористтик багытка чакырык жасаган учурда жакынкы милиция бөлүмдөрүнө же 102 телефону аркылуу кабар берүүнү айтышты.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн