Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 00:07
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Баткенде милиция саптык кароодон өтүп, күчөтүлгөн тартипте иштей баштады

25.11.2021 12:20
1541
Баткенде милиция саптык кароодон өтүп, күчөтүлгөн тартипте иштей баштады

Баткенде горнизондук саптык кароо болуп өттү.


2021-жылдын 28-ноябрь Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата Баткен обусундагы ИИОнын кызматкерлеринин горнизондук саптык кароосу болуп өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

 

Бул горнизондук кароого Баткен ОИИБнын, Баткен шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, КР ИИМнин 707 ички аскерлер бөлүгүнүн кызматкерлери жана КР ИИМнин атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы ротасынын күжүрмөн кызматкерлери, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери, Кадамжай, Лейлек райондук, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери жана алардын орун басарлары катышты. 


Кыргыз Республикасынын ИИМнин орун басары милициянын полковниги Нурбек Абдиев горнизондук кароого катышып, ИИОнун кызматкерлеринин шайлоо астындагы даярдыктарын текшерип, ИИМдин тапшырмаларын жеткирди. 


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфжан Тулаев, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мусурманкул Турсуматовтор катышты.


Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов милиция кызматкерлеринин шайлоо алдындагы кызматтарына канчалык деңгээлде даяр экенин бир катар текшерип чыкты. Бул текшерүүдө ар бир кызматкердин кийип турган формасы кышкы сезонго даярдыгын, алып жүргөн кызматтык күбөлүктөрүн текшерүүдөн өткөрдү.


Шайлоога күнү Баткен облус аймагындагы коомдук тартипти сактоо, мыйзам бузуучулуктун алдын алуу жана укук бузууларга жол бербөө максатында 1200гө жакын милиция кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирге иш алып барат. Ошондой эле ыкчам тергөө топтору түзүлүп мыйзам бузулган жерлерде ыкчам чаралар көрүлөт.


Баткен облусунда милиция кызматкерлери 25-ноябрдан 29-ноябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн