Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Баткенде мыйзамсыз чөнтөк телефондорду ташып келе жаткан жаран кармалды

Баткенде мыйзамсыз чөнтөк телефондорду ташып келе жаткан жаран кармалды


Өлкөгө мыйзамсыз чөнтөк телефондорду ташып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен облусунда Б.И.Ф. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес Бенц 1223” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 350 даана чөнтөк телефон табылган.

Кармалган товардын жалпы наркы 545 миң сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн