Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:03
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Баткенде мыйзамсыз курулган 30 объект буздурулду

22.02.2024 17:18
610
Баткенде мыйзамсыз курулган 30 объект буздурулду


Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө мыйзамсыз курулуштарга текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Баткен аймактар аралык бөлүмү тарабынан КР президентинин жарлыгынын негизинде ишке ашырылган.

Жыйынтыгында Кызыл-Кыя шаарында 3 обьект, Үч-Коргон айыл аймагында 27 мыйзамсыз курулган объект аныкталып, андан тышкары 53 обьектиге эскертүү берилди. Аталган фактылар боюнча жалпы 18 материал Кадамжай РИИБге өткөрүлүп берилди. Мыйзамсыз курулган курулуштардын ичинен жалпы 30 объект буздурулуп, учурда кайра калыбына келтирилди.

Эскерте кетсек, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан ушул жылдын январь айында республика боюнча 31 текшерүү жүрүп, 138 миң 575 сом доо коюлуп, 486 миң сом айып пул салынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн