Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткенде мыйзамсыз лотерея өткөргөн жарандар аныкталды

01.08.2022 19:26
466
Баткенде мыйзамсыз лотерея өткөргөн жарандар аныкталды

Баткен облусунда "Баткен күчү" мыйзамсыз лотерея өткөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.



Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан облуста мыйзамсыз лотерея өткөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.


Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында бир нече жылдан бери мыйзамсыз лотереялык иштерди жүргүзүп келген адамдардын тобу аныкталган. Ал эми Лотерея билетинин баасы 2000 сомдон 3000 сомго чейин болгон. Ошол эле учурда бир эле турда 2800 билет сатылып турган. Лотереяда автоунаалар, кыймылсыз мүлктөр да ойнотулган. Мыйзамсыз аракеттерден түшкөн жалпы жүгүртүүнүн болжолдуу суммасы 70 миллион сомго жакын болгон.


Алынган маалыматтарга караганда, уюштуруучулар лотереядан автоунаа утуп алган делген талапкерлерди тартууга барышкан, бирок иш жүзүндө алар аларды албай, муну менен башка катышуучуларды адаштырышкан.


Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кесиптик лотереяны уюштуруу иши лицензияланууга тийиш.


Учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн