Бирдин айы 13, 2025
Убакыт: 16:48
USD
87.30
87.80
EUR
90.80
91.80
RUB
0.940
0.990

Баткенде мыйзамсыз ташылып келген 3,5 тонна продукция жок кылынды

13.02.2025 12:03
28
Баткенде мыйзамсыз ташылып келген 3,5 тонна продукция жок кылынды


Баткенде мыйзамсыз ташылып келинген 3,5 тонна жүзүм жана лимон жок кылынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.


Баткен өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгына ЕАЭБдин аймагына бажы эрежелерин бузуу мыйзамсыз ташылып келген айыл чарба продукциясы жөнүндө маалымат берилген.


Текшерүүнүн натыйжасында жалпы салмагы 3,5 тоннадан ашык жүк жок кылынган. Анын 2 тоннадан ашыгы жүзүм, 1,4 тоннадан ашыгы лимон болгон.


Белгилей кетсек, КР "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" мыйзамына жана ЕАЭБдин карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобосуна ылайык, фитосанитардык сертификаты жок жогорку тобокелдиктеги карантиндик жүктү өлкөгө ташып кирүүгө тыюу салынат.


Жүк ээси мыйзамга ылайык эки вариантты тандай алган:


  1. - Жүктү кайра артка кайтаруу.
  2. - Жүктү жок кылуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн