Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткенде мыйзамсыз түрдө 1,8 тонна күкүрт кислотасын саткан жаран кармалды

Баткенде мыйзамсыз түрдө  1,8 тонна күкүрт кислотасын саткан жаран кармалды



ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери прекурсорлорду сатуу менен алектенген каналды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча атайын операцияны жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын кызматкерлери тарабынан «күкүрт кислотасынын» ири өлчөмүндөгү партиясын сатуу менен алектенүүчү кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. 


Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 269-беренесенин (Прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо) алкагында жүргүзүлгөн тергөө иш амалдарынын натыйжасында Баткен облусунун Кадамжай районунан күкүрт кислотасын сатуу учурда 1987-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалды.  


Кармалган жарандын мыйзамсыз жүгүртүүсүнөн 1 тонна 833 килограммды түзгөн күкүрт кислотасы алынган.  


Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.   


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн