Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 14:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Баткенде мунайды кайра иштете турган ири завод курулууда

29.03.2024 10:56
684
Баткенде мунайды кайра иштете турган ири завод курулууда


Баткенде мунайды кайра иштете турган ири завод курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, облус башчысы Абдикарим Алимбаев курулуш иштеринен кабар алып, инвесторлор менен жолуккан. Белгилүү болгондой, заводду Кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы иштетмекчи.


"Объект Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында курулуп жатат. Заводдо АИ-92, АИ-95 бензини, дизель, битум, газ сыяктуу автоунаа жана башка техникаларга керектеле турган май чыгарылмакчы. Ал жакка мунай "Кыргызтранснефтегаз" ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Бүргөндү аймагынан ташылат. Завод күнүнө 500 тонна нефтини кайра иштетүүгө ылайыкташкан", — деп жазылат маалыматта.


Мунай иштетүүчү жайдын курулушу 2021-жылы башталганы айтылып, быйыл июнь айында пайдаланууга берилери кошумчаланды. Толук кандуу иштей баштаганда 500 адам жумуш менен камсыз болору күтүлүүдө. Ишкананын башкы директору Чыңгызбек Тешебаев заводдун эки этабынын сметалык баасы 39 миллион долларды түзөрүн белгилеген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн