Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Баткенде обсервацияга кошумча орундар даярдалууда

03.04.2020 21:22
801
Баткенде обсервацияга кошумча орундар даярдалууда


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда  Баткенде изоляция үчүн 366, обсервация үчүн 766 орун даярдалган. Бул үчүн аймактык ооруканалардын, жатак мектептердин, көмөкчү мектеп интернаттарынын, лицейлердин, жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунун имараттары пайдаланылууда. 


Облуста коронавирус илдетин жайылтпоо максатында, өлкөнүн башка аймактарынан келген жарандар обсервацияга алынып, медициналык кароо жүргүзүлгөн соң, анализи таза болсо, үй карантинине жиберилүүдө. Азыркы учурда келген жарандардын агымы азая элек. Мындан улам обсервацияга кошумча орундарды даярдоо боюнча иш аракеттер жүрүүдө.   


Ошондой эле маалыматта, обсервацияга алынган жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Улуттук кызыл ай коому тарабынан тамак аш, бир жолу колдонулуучу идиш аяктар, гигиеналык каражаттар менен камсыз болуп жатканы айтылат. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн