Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 07:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткенде өгөй атасы тарабынан сабалган кыз комада, - министрлик

12.06.2024 13:12
176
Баткенде өгөй атасы тарабынан сабалган кыз комада, - министрлик


Саламаттык сактоо министрлиги Баткенде өгөй атасы тарабынан сабалган 2 жашар кыздын абалы тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына караганда, наристе облустук ооруканага 7-июнда түшкөн.

"Азыркы учурда бала комада, баш мээсинин жабык жаракаты жана баш мээнин чайкалышы диагнозу менен жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Дарыгерлер анын абалын өтө оор деп баалашууда", - деп айтылат маалыматта.

Эскрете кетсек, эртең менен аймактык милициядан 2 жашар кызды сабагандыгы үчүн анын өгөй атасы кармалганы боюнча маалымат беришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн