Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:01
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Тазабек Икрамов өкмөт башчыга жазган кайрылуусуна жооп алды

13.05.2020 13:23
1078
Тазабек Икрамов өкмөт башчыга жазган кайрылуусуна жооп алды


Баткенде сел каптоо жана чек ара окуясы катталганда ошол жерге эмне үчүн өзүңүздөр барган жоксуздар?" деп сурады депутат Тазабек Икрамов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден Жогорку Кеңеш жыйынында. Депутат буга чейин да бул маселе боюнча өз пикирин билдирип, маселени чече турган орган катары өзгөчө кырдаалдар министри да ошол жерде болушу керектигин айтты.


Буга жооп кылып Мухаммедкалый Абылгазиев ошол убакта түштүк аймактарда коронавирус менен күрөшүү иш-чаралары менен таанышып жүргөн вице-премьер-министр Акрам Мадумаров барганын айтып, виценин деңгээлинде абал менен таанышуу иш-чарасы жүргөнүн билдирди. 


"Мен ойлойм, виценин барганы туура. Ал эми өзгөчө кырдаалдар министри эки күн кечигип барып калды. себеби азыр кырдаалга жараша авиакаттам жок, автоунаа менен барып, маселе менен жеринде таанышып келди. Муну менен бүтпөйт дагы да барабыз" деп жооп берди өкмөт башчы.


Эскерте кетсек, буга чейин Өкмөт башчынын Баткендеги окуяларды барып чечпей, телефондон кабар алганы кечиримсиз деп Тазабек Икрамов ачык кат жолдогон эле. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн