Баш оона 22, 2025
Убакыт: 05:46
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Баткенде окко учкан чек арачы Нурсултан Манасбек уулу Аксыда акыркы сапарга узатылды (фото)

01.05.2021 13:42
1737
Баткенде окко учкан чек арачы Нурсултан Манасбек уулу Аксыда акыркы сапарга узатылды (фото)


29-апрелде Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда окко учкан чек арачы Манасбек уулу Нурсултан кичи мекени Аксынын Дейрес-Сай айылында жерге берилди.Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, маркумду акыркы сапарга узаттуу зыйнатына өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Аксы районунун акими Жыргалбек Шакиев жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү, айылдаштары келишти.

Нурсултан Манасбек уулу Дейрес-Сай айылында 1992-жылы туулган. 4 бир туугандын үчүнчүсү. Мектепти 2010-жылы аяктап, 2015-жылы жогорку аскердик окуу жайын бүтүргөн. Ошол эле жылы Мамлекеттик чек ара кызматынын №2028 аскер бөлүгүндөгү 3-топтун командири болуп дайындалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн