Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Баткенде өлкөгө мыйзамсыз алынып келе жаткан тамеки кармалды

22.06.2023 12:39
876
Баткенде өлкөгө мыйзамсыз алынып келе жаткан тамеки кармалды


Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө 2023-жылдын 20-майында Сүлүктү шаарынын Кольцо участогунун аймагында, Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер а/а Жаштык айылынын тургуну, 1983-жылы туулган КР С.К.Х. аттуу жаранын башкаруусунда В2297Е мам/номерлүү ВАЗ 21013 үлгүсүндөгү унаа кармалган.


УКМКнын маалыматына ылайык, уааны текшерүү учурунда кабинадан 10 куту “Esse Change” тамекиси табылган, анын ар бир кутусу болжолдуу базар баасы боюнча 500 000 сомду түзгөн 50 блок тамекини (1 пачка тамекинин баасы 100 сом) түзөт. Алынган маалыматтарга ылайык, тамеки буюмдары Кыргыз Республикасынын аймагында сатуу үчүн коңшу республикадан мыйзамсыз алынып келинген.


Ушул жылдын 20-июнунда С.К.Х. унаасын оңдоо үчүн Раззаков шаарын көздөй бара жаткан, “Кайрагач” көзөмөл өткөрүү пунктунун жанынан белгисиз адам аны токтотуп, 10 кутудан турган жүктү Раззаков шаарына 10 000 сомго жеткирип берүүнү суранган.


Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн