Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 05:11
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткенде санитардык нормаларды сактабаган ишканаларга айып салынды

09.07.2020 15:59
990
Баткенде санитардык нормаларды сактабаган ишканаларга айып салынды


Баткен облусунда санитардык нормаларды сактабаган ишканаларга жалпы 178 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов 9-июндагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, күн сайын рейд жүргүзүлүп, санитардык талаптар көзөмөлгө алынууда.

Эл арасында облустагы эпидемиологиялык кырдаал, санитардык-карантиндик эрежелер, жеке гигиенаны сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан санитардык норманы сактабаган ишканаларга эскертүүлөр берилип, айыппул салынып, тийиштүү чаралар көрүлүп жатат.

Бүгүнкү күнгө чейин санэпидкөзөмөл борбору тарабынан 1 миң 364 объект текшерилип, анын 425ине эскертүү берилип, 146 ишканага жалпы суммасы 178 миң сомго айыппул салынды”, - дейт ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн