Бугу 06, 2024
Убакыт: 13:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Баткенде сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатат

25.09.2020 16:39
965
Баткенде сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатат


Баткен облусунда сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда, пандемиянын экинчи толкунун эске алуу менен, эл арасында сасык тумоонун алдын алуу максатында, өлкөнүн башка аймактары сыяктуу эле, Баткен облусунда да сасык тумоого каршы, акысыз эмдөө жүрүп жатат.

Эмдөө биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу тобокел тобуна кирген, көп ооруган 5 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу аялдарга, өнөкөт оорулары бар адамдарга, 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга жана медицина кызматкерлерине жасалууда. Облуста жалпы 9000 адам эмдөөдөн өтүүдө. Адистер алдыда дагы этап этабы менен эмдөө жүргүзүлөөрүн айтышат.

Дарыгерлер сасык тумоого каршы эмдөө, күз кыш айларында өтүүчү сасык тумоонун курч түрлөрүнөн сактайт жана оору жуккан учурда да ал жеңил өтөөрүн белгилешет. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн