Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Баткенде селден кийин айрым аймактарга таза суу жана жарык берилди

04.05.2020 19:47
1220
Баткенде селден кийин айрым аймактарга таза суу жана жарык берилди


Лейлек районунда жол, таза суу, электр энергиясы калыбына келүүдө. Бул тууралуу Өкмөттун баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, учурда райондун унаа жолдору толугу менен тазаланып, жол каттамы калыбына келтирилген. Ал эми Исфана шаарынын элине толугу менен таза суу жана жарык берилген.


Ошондой эле Тогуз-Булак жана Сумбула айылдарына электр энергиясы берилип, Катраң айылына электр энергиясын берүү аракеттери көрүлүп жатканы айтылат.


Маалыматка таянсак, Кара-Таш, Беш-Бала, Мурза-Патча, Самат айылдарына келчү таза суу системасын оңдоо иштери улантылып жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн