Баш оона 22, 2025
Убакыт: 07:07
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

12.05.2022 14:18
888
Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Бүгүн, 12-майда Баткен облусунда кечээ жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирет.


Баткен районунун аймагында кечээ, 11-майда саат 18:00-19:30дарда нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен унаа жолдорун сел каптап, айрым айылдардын чарбактарын жууп, чарбаларына зыян келтирген. 


Алсак, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 265-чакырымында сел суулары унаа жолду кум-шагылга толтуруп, жол эки тараптуу жабылган. Ошондой эле Ак-Сай – Достук унаа жолунун 4-5-чакырым аралыктарында кокту-колоттон келген кум аралаш сел суулары унаа жолду каптап, жол жабылган.


Тазалоо иштерине тартылган техниканын жардамы менен Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу саат 20:30да бир тараптуу ачылган. Ал эми Ак-Сай – Достук унаа жолунда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. 


Ушул эле күнү Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бөжөй айылында да сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолдоруна, турак үйлөрдүн короолоруна жана эгин талааларына кирген. Ошондой эле 60 даана габион торчосун жууп кетип, 5 бодо малды агызып кеткен. 


Сел кесепеттерин жоюу максатында райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн куткаруучулар жана техника тартылып, тазалоо иштери бүгүн, 12-майда жүргүзүлүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн