Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:51
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Баткенде социалдык тармактар аркылуу экстремисттик билдирүүлөрдү тараткан жаран аныкталды

07.02.2023 15:03
333
Баткенде социалдык тармактар аркылуу экстремисттик билдирүүлөрдү тараткан жаран аныкталды

Баткенде социалдык тармак аркылуу диний экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.



2023-жылдын 29-январында Баткен РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн «Экстремист» операциясынын жүрүшүндө жаран «О» Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний экстремисттик аудио материалдарды социалдык тармак аркылуу таратып жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.


Бул факты боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Кадамжай районунун тургуну 2000-жылы туулган О.З. «Одноклассники» социалдык тармагындагы баракчасына кароо жүргүзүлүп, баракчасындагы аудио материалдар көчүрүлүп алынып, экспертизага жөнөтүлгөн.


2023-жылдын 3-февралында соттук-дин таануу экспертизасынын корутундусу чыгып, изилдөөгө берилген аудио материалдар Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “ИШИМ” экстремисттик жана террористик уюмуна таандык экендиги аныкталган.


Жогорудагылардын негизинде кармалган жаранга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүмү “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн