Бугу 05, 2024
Убакыт: 17:15
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткенде соттун катчысы ишти оң тарабына чечип берүү үчүн 300 миң сом алган

07.02.2023 11:14
458
Баткенде соттун катчысы ишти оң тарабына чечип берүү үчүн 300 миң сом алган

 Баткен облустук сотунун катчысы алган параны кайтарып берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


     Маалыматка таянсак, УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту (пара алуу) боюнча ири өлчөмдө (300 мин сом) акчаны кайтарып берип жаткан жеринен Баткен облустук сотунун катчысы «Х.у.Ш. кармалды.

 

   Ошентип, Х.у.Ш. акчаны алып, соттордо оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүгө убада берген.


     Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн