Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:36
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Баткенде тажик жарандары тарабынан сабалган Айдаровдун абалы оор бойдон калууда

02.12.2021 10:29
728
Баткенде тажик жарандары тарабынан сабалган Айдаровдун абалы оор бойдон калууда



2021-жылдын 1-декабрында саат 14:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын 65 жаштагы тургуну Ж. Айдаровтун 1 баш бодо малы өзүнүн короосунан бошонуп кетип, Таджикистан Республикасынын Исфара районунун Майский айылы тарапка качып кеткендиктен, артынан издеп барган учурда, ТРнын чек ара кызматкерлери кармап, Исфара РИИБнын кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.


 Маалыматка ылайык, Көк-Таш айылынын 40-50гө жакын жергиликтүү тургундары чогулушуп, Ж.Айдаровду ТРнын жарандары ургандыгын айтышып, чогулган эл Таджик Республикасынын Майский айылынын тургуну 1962-жылы туулган Сабиров Камал Сирожидиновичти кармап алышкан. Андан соң, Таджик Республикасынын Майский айылынын 10-15ке жакын жергиликтүү тургундары чогулушкан. 


Эки тараптуу жергиликтүү милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Таджик Республикасынын укук коргоо органдары, кармалган Ж.Айдаровду Баткен РИИБнин Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине өткөрүп берген.    

 

Ж.Айдаров Баткен шаарындагы Баткен ооруканасына жеткирилди, абалы орто оор.


Бул факты Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, жабырлануучу Ж.Айдаровтун денесинен алган жараатынын оордук даражасын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.


Эки тараптуу сүйлөшүү иштери жүргүзүлүп, азыркы учурда абал туруктуу. Окуя болгон жерде коомдук-саясий абалдын туруктуулугун сактоо максатында ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайгуулдар уюшулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн