Бугу 14, 2024
Убакыт: 10:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенде тажикстандык жаран 2,6 кг баңгизат менен кармалды

09.09.2020 15:01
877
Баткенде тажикстандык жаран 2,6 кг баңгизат менен кармалды


Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңгизаттарды ташуу менен алектенген жолго бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, ИИМдин кызматкерлери тарабынан Тажикистандан Кыргызстанга баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын аткезчилик жол менен ташыган улуттар аралык уюшкан топту аныктоо жана аны жоюу боюнча атайын операциясы жүргүзүлгөн.


Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам кызматкерлер Баткен облусунун Арка айылынын чек арага чектеш аймагында жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чаралары учурунда Тажикистандын 1982-жылы туулган жараны Ю.Х. кармалган. Анын унаасын кароо жүргүзүүдө уксус ангидридик кескин жыты бар таңгакталган каражаттар табылып алынган.


Соттук-химиялык экспертизасынын корутундусуна ылайык, жогорудагы табылып алынган каражат героин баңгизаты экендиги аныкталган. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүрткөн 2 килограмм 600 грамм героин алынды. Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси барлардын өздүгүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн