Бугу 07, 2024
Убакыт: 05:29
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Баткенде тийиштүү документтери жок жүктү Тажикстанга алып чыгууга аракет көрүлгөн

01.02.2024 12:15
411
Баткенде тийиштүү документтери жок жүктү Тажикстанга алып чыгууга аракет көрүлгөн


Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде аткезчилик жүктөр аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери Лейлек районунун Байзак-Сай жергесинде Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны токтотуп, унаадан жалпы салмагы 900 кг түзгөн 18 кап күрүчтү аныктаган.

Күрүчтү 25 жаштагы К.А. жана 23 жаштагы С.Ф. аттуу Кыргызстандын жарандары Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан. Аларда жүккө тийиштүү документтер болгон эмес.

Ошондой эле Лейлек районундагы Мурас-Достук унаа жолунда чек арачылар мамлекеттик чек арадан жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган 38 жаштагы Лейлек районунун Жаштык айылынын тургунун кармашкан.

Аталган жаранга таандык Opel Zafira үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда 100 кутудан ашык энергетикалык суусундуктар табылган. Ар бир кутунун ичинде 24 банка алкоголсуз суусундуктар болгон. Тийиштүү документтери жок жүктү Кыргызстандан Тажикстанга алып чыгуу аракети көрүлгөн.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, мыйзамсыз алынып бараткан аткезчилик жүктөрдүн жалпы суммасы болжол менен 300 миң сомдон ашат.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар жана аткезчилик жүктөр мындан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн