Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:05
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Баткенде той өткөргөн милиционерге жаза берилип, тойкана ээсине иш козголду

16.09.2020 14:40
1215
Баткенде той өткөргөн милиционерге жаза берилип, тойкана ээсине иш козголду


Баткенде той өткөргөн милиция кызматкерине жана тойкана ээсине мыйзам чегинде чара көрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, облустук штаб тарабынан коомдук тамактануучу жайлардын санитардык абалы жана кафе, ресторандарда, атайын эс алуучу жайларда, үйдө той өткөргөндөрдү аныктоо боюнча көзөмөл күчөтүлдү.


"Күн сайын жергиликтүү бийлик, санэпид көзөмөлдөө борбору жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү атайын рейддерди уюштуруп, талаптарды аткарбагандарга белгилеген тартипте чара көрүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.


Буга чейин тойканада той өткөргөн милиция кызматкери боюнча ички иликтөө иштери жүрүп, ага тартиптик жаза берилди. Ал эми той өткөргөн тойкана ээсине Жоруктар жөнүндө кодексинин 127-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 30 миң сом пул салынды.


Ал эми санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн Бузуулар жөнүндө Кодексинин 293-беренесине ылайык, 22 адамга 66 миң сом айып пул салынган.






Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн