Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын окутуу залында бүгүн 29-март күнү чоң масштабда семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Бул семинарга Баткен облусундагы район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктеринин орун басарлары, ошондой эле облус аймагындагы коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү, аксакалдар соттору, аялдар кеңеши катышты.
Бул семинар Кыргыз Республикасынын ИИМ жана “Эл аралык толеранттулук үчүн” коомдук фонду жана Saferworld уюму менен кызматташтыкта уюштурулуп, укук бузууларды алдын алуу боюнча темалар каралды.
Кыргыз Республикасынын ИИМнин КККнын бөлүм жетекчиси милициянын полковниги Т.Алижанов жана башкы инспектору милициянын подполковниги М.Чымырбаевтер “Укук бузуулар жөнүндө”, “Укук бузуулардын алдын алуу негиздери жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар боюнча Жарлыгын окутуп түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйындын аягы кызуу талкууланып, суроо-жооптор менен коштолду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн