Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Баткенде унаа, садака кутучасын уурдаган жарандар аныкталды

26.12.2022 18:17
707
Баткенде унаа, садака кутучасын уурдаган жарандар аныкталды

Баткен шаарында садака кутучасын уурдаганга шектелип, 19 жаштагы тургуну аныталып, кармалды.  Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


 Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 27 жаштагы тургуну Баткен шаарындагы унаа жуучу жайга таштап кеткен “Toyota Vios” үлгүсүндөгү автоунаасын 22-декабрь күнү белгисиз жарандар тарабынан уурдалгандыгын билдирип арыз менен кайрылган. Эртеси Баткен ШИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан уурдалган “Toyota Vios” үлгүсүндөгү унаа сүзүлгөн абалда Баткен шаарынын Жибек-Жолу көчөсүнүн батыш тарабындагы бактардын арасынан табылган.


Баткен шаарындагы М.Нургазыев көчөсүндөгү азык-түлүк саткан дүкөндөн болжол менен 10 миң сом тегеренидеги акча жана азык түлүк, ошону менен бирге садака кутучасындагы акчаны уурдап кеткен. Бул боюнча дүкөн ээси арыз менен кайрылган.


Бул арыздар Баткен ШИИБдин КБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.


Баткен ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, Баткен районунун Кара-Булак айылынын 19 жаштагы тургуну Ж.Б жана Кара-Бак айылынын Ж.К. аттуу тургуну Баткен шаарынан аныкталып, 24-декабрь күнү далил буюмдары менен кармалып, Баткен ШИИБдин тергөө кызматына камсыздалып өткөрүлүп берилген.

Азыркы күндө кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн